Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президенттин аппараты кадр саясаты жөнүндө жарлыкты талкуулады

27.02.2021 12:02
965
Президенттин аппараты кадр саясаты жөнүндө жарлыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Президент Садыр Жапаровдун "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кеңешмеде прокуратура органдарына жана айрым укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды.


Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана каралып жаткан структураларга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жүрүп жаткан сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.


Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын мындан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар мамлекеттик кызматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесиптик резервин түзүү боюнча мекемелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары угулду.


Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Елге тушунуктуу жатык кылып жазса болбойбу?