Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президенттин айланасында кандай оюндар болот?

20.01.2021 10:18
625
Президенттин айланасында кандай оюндар болот?


Кайсы деңгээлдеги жетекчи болбосун анын ишине кедерги келтире турган бир чоң фактор бар - бул анын айлана-чөйрөсүндөгүлөр (үйбүлө, бир туугандар, куда-сөөктөр, достор, кеңешчи-жардамчылар, кызматташтар ж.б.ду.с.). 


Айлана-чөйрөсү тап-такыр таасир этпейт деген болбойт, сөзсүз таасир этет. Кеп ошол таасирдин күчүндө жана анын багытында, оң же терс болгонунда.  Ишти оң жагына буруп,  кемтикти толтура турган оң таасир жөнүндө эмес, бул жерде терс таасир жөнүндө сөз кылып жатам.


Эгерде жетекчи болгон инсандын өз көз карашы, иштин көзүн тааный турган тажырыйбасы, жашоо принциптери жана эрки бар болсо - анда бул фактордун (айлана-чөйрөсүнүн) таасири азырак болот. Эгерде жетекчинин эрки бош болсо, турмуш жана кызмат тажырыйбасы жетишсиз, карманган принциптери туруксуз болсо - анда бул фактордун (айлана-чөйрөсүнүн) таасири да катуу болот.


Жетекчи менен байланышы бар ар бир киши ага өз көз карашын, өз пикирин  таңулоого,  өз жеке кызыкчылыктарын жалпы кызыкчылык  кылып көрсөтүүгө, өзүнө жакпаган же өзү каршылашып жүргөн адамдарга карата жетекчинин да пикирин ошондой кылып калыптандырууга, аларды жалпы "душман" катары жаман көрсөтүүгө аракет кылат.  Мындай кишилер бир же эки эмес, алар абдан көп. Ошондуктан кысым да аябай чоң болот.  Мына ошондой кысымга, ошондой манипуляциялык аракеттерге жетекчи болгон адам туруштук бере алабы же жокпу? - кеп мына ушунда. Эгерде туруштук бере албай жетеленип кетсе, анда айлана-чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн өз башына үйүп алат, кызматтын кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктардын тепсендисинде калат, алардын бардыгынын "душмандарын" өзүнө душман кылат, болгон күчүн алар менен кармашууга жумшап, иш аксайт...


Эмилбек Каптагаев

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн