Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы Анаркулов кармалды

30.01.2021 10:37
681
Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы Анаркулов кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы маалымат саясат кызматы бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган.


"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык жактан баюу максатын көздөгөн А.Н.С, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине арыз берген адамдан өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган", - деп жазылат билдирүүдө.


Бүгүн, 30-январда жүргүзүлүп жаткан тергөө-оперативдик иш-чараларынын алкагында кармалган А.Н.С УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн