Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президенттин инаугурациясы татыктуу өтүшү керек

22.01.2021 09:52
545
Президенттин инаугурациясы татыктуу өтүшү керек


Ушул жылдын 28-январында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөөрү айтылууда. Кече жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарган. Анда 80%ка чукул добуш менен жеңишке Садыр Жапаров жеткен. 


Инаугурацияга көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат каражаттарында али такталып-такталбаган маалыматтар айтылып, коомчулукта тескери пикир жаратуу аракеттери да болуп кетти. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө айрым колдонуучулар «С. Жапаровдун инаугурациясына 15 миллион сом жумшалат экен» дешсе, айрымдары «10-15 миллион сом жумшалган жатыптыр» деп жазышты. «Өлкө экономикасы кыйын абалда турганда ошончо акча каражатын сарптабай деле койсо болмок» деген да пикир жазгандар болду. 


Натыйжада элдин пикирин эске алуу менен Садыр Жапаров инаугурацияны өткөрүүгө 10 миллион сом жумшалбай турганын жана ошол күнү жолдор тосулбастыгын билдирип чыкты.


Албетте, элдин пикирин эске алган жакшы. Бирок, мамлекет башчысы катары жаңыдан кызматка киришип жаткан адамдын ант берүү аземине бир эле өлкө ичиндеги коомчулук эмес, дүйнө коомчулугу көз салып тура турганын эске алуу керек. Инаугурациянын жогорку деңгээлде өткөрүлүшү мамлекеттин имиджи үчүн да жакшы. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришип жаткандагы инаугурациясы Алмазбек Атамбаевдин кызганычы менен жупуну өткөрүлгөн. Салтка айланып калгандай борбор калаабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эмес, «Ала-Арча» резиденциясында болгону 400дон ашыгыраак адамдардын катышуусунда өткөн. Ага 8 миллион 400 миң сом акча сарпталганы айтылган. 


Ал эми А. Атамбаевдин инугурациясы улуттук филармонияда өтүп, ага 1000дин тегерегиндеги жогорку даражалуу коноктор катышкан. Түркиянын ошол кездеги президенти Абдуллах Гюль, Грузиянын ошол кездеги президенти Михаил Саакашвили келген. Андан тышкары Казакстандын, Тажикстандын, Азербайжандын премьер-министрлери катышкан. Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Беларуссия жана Татарстандан спикерлер жана вице-спикерлер келген. Россиядан Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов, Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зорькин, россиялык ТИМдин статс-катчысы Григорий Карасин да болгон. Айтор, эл аралык деңгээлдеги бир топ абройлуу коноктор келген эле. Ал инаугурацияга 10 миллион сомдой каражат жумшалганы айтылган. 


Отунбаеванын инугурациясына да 10 миллион сомдой жумшалган. 


Эмне ошол убактарда өлкөнүн экономикалык абалы жакшы беле? Ал убакта азыркыга караганда бир топ арзанчылык да болчу. Демек, сомдун күчү бир топ кубаттуу эле. 


Андыктан маанилүү иш-чаранын маанисин кетирбей татыктуу өткөрүү өзүбүз үчүн эле пайдалуу. Билип-билбей чыр сала берүү туура эмес. Ант берүү аземин татыктуу өткөрүп, ошого жараша татыктуу иштеп берсе, коррупционерлердин чөнтөктөрүнө куюлуп келген миллиондорду, миллиарддарды мамлекет бюджетине бурса, инаугурацияга кеткен каражат анын тамчысы эле болуп калат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн