Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен Койчиев Арслан Капайович башка ишке өткөндөгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн