Бардар үй-бүлөлөрдү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө чакырам. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Президент жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн жаңы жылдан тарта электр энергиясына болгон бааны 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырды. Аны менен чектелбей азык-түлүк менен камсыз кылуу маселесин да карап жатат.
Мен дагы бардар үй-бүлөлөрдү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө чакырам. Биздин элибиз пандемияда кандай жардам берди. Ошондой жардамын дагы аябайт деп ишенем",- деди Абыкеев.
Пикирлер (1)