Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президенттин кызы менен күйөө баласы ооруп жаткан дарыгерлерге тамак-аш ташууда (сүрөт)

24.07.2020 16:49
1659
Президенттин кызы менен күйөө баласы ооруп жаткан дарыгерлерге тамак-аш ташууда (сүрөт)


Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл жолдошу Атабек менен коронавирус менен ооруп жаткан дарыгерлерге тамак-аш таратып жүрүшөт. Бул тууралуу жарандык активист Мурат Соорбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, өлкө башчынын кызы жана күйөө баласы ыктыярчылык кылып жатат. 


"Менин жеке кат куржунума президент Сооронбай Жээнбековдун кызы жана күйөө баласы ыктыярчылык кылып, Covid-19 илдетинен дарыланып жаткан ооруканалардагы дарыгерлерге тамак-аш таратып жүргөн сүрөттөрүн жиберишиптир.


Чындап эле сүрөттө президенттин кызы менен күйөө баласы өздөрүнүн унаасы менен тамак-аш ташып жүрүшөт экен. Бул көрүнүш, башка саясатчылардын балдарына да үлгү болчудай экен", - дейт активист. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
жаран
Бактыгул азаматсын.