Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президенттин көз алдына парда тарткандар кимдер?

16.02.2021 11:08
651
Президенттин көз алдына парда тарткандар кимдер?

Ар бир бийликтин учурунда эл менен мамлекет башчысынын ортосунда тумандуу парда сыяктуу көрүнүштү пайда кылган таасирдүү фигуралар болуп келген. Бүгүнкү бийлик ишин баштаганына аз гана убакыт болгонуна карабастан, ошол «тумандуу парда» фигурасы пайда болуп калган сыяктуу. Эгерде президент ошол фигура аркылуу мамлекеттеги жагдайды, элдин абалын көрө турган болсо, анда отуз жылдан бери кайталанып келаткан жаңылыштыктар дагы деле улана берет дегендик болуп калат. Акаев да, Бакиев да, Атамбаев да, Жээнбеков да бийликке келгенден кийин өзүн курчап алган тар чөйрөнүн көзү менен көрүп, кулагы менен угуп калганы үчүн көптөгөн мүчүлүштүктөрдү көрө алган эмес. Балким, ошол тар чөйрөнүн көз алдын тумандаткан жагдайын жакшы түшүнүп, өз көздөрү менен көрүп, өз кулактары менен угууну колдоруна алганда, азыр Кыргызстан таптакыр башка абалда жашап жаткан болот эле. Эми ошол катачылыктарды Садыр Жапаровдун бийлиги кайталашын каалагыбыз келбейт.


Тилекке каршы, бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү абал бардык жагынан өтө оор. Кыргызстандын коңшулаш Тажикстан менен, Өзбекстан менен чектеш аймактарында кайрадан жаңжалдар. Жергиликтүү жашоочулар кошуналардын өзүм билемдик менен жасаган мамилелерине жандары кашайып турат. Алтургай «Буга чейинки алдырып жиберген жерлерибизди кайтара албасак дагы, эми мындан ары башка жерлерибизди алдырып жибербесек экен» деген санаркоолор башталды. Бул өтө олуттуу коңгуроо. Себеби, эл кыргыз бийлигинин мамлекеттик чек ара аймактарындагы жаңжалдарга карата билмексен мамилесинен катуу чоочуркап турат.


Кече жакында эле президент Садыр Жапаров коомдук биринчи каналга маек курду. Бирок, ошол маегинде эл күтүп жаткан чек ара маселеси тууралуу суроо да, жооп да болбоду. Кудум чек ара аймактарында эч нерсе болбогондой мамиле жасалды. Бул албетте элдин нааразычылыгын дагы, аны менен кошо чоочуркоосун жаратпай койгон жок. Өкмөт үйүнүн алдына чек ара маселесин көтөргөн жаштардын митинги да болуп өттү. Ага да реакция болбоду.


Ага чейин Райымбек Матраимовго карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы нааразычылык акциясы болуп өттү. Себеби, эл ага карата соттун катаал жазасын күтүп жаткан эле. Анын үстүнө бүгүнкү бийликтин өткөн жылдын октябрь төңкөрүшүнөн кийин «Райым миллион камалат!» деген убадасы бар болчу. Камалган жок. Ал коррупция беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке келтирген зыяндарды толугу менен кайтарды деп сот 260 миң сом айып пул төлөтүү жазасын берди. Эми Р. Матраимовдун башка мамлекеттерден дагы башка мүлктөрү табылса иш козголот, болбосо козголбой турганы да маалым болду. Демек, ал жазадан толук кутулду деп түшүнө берсек болот.


Мындан тышкары өлкөдө пандемия дагы деле кетелек. Дагы деле бул ооруга чалдыккандар күнүгө катталып, дагы деле каза тапкандар болууда. Экономикалык абал да чатак. Мына ушундай кырдаалда президенттин Муфтияттын тегерегиндеги окуяларга комментарий берип отурганы элге жаккан жок. Андан көрө чек ара маселеси, пандемияга каршы туруу багытында жасала турган иштер, экономиканы кыска убакыт аралыгында көтөрүүгө багыттала турган кадамдар тууралуу элге ынанымдуу кептерин айтса туура болмок.


Тилекке каршы, жаңы президенттин жанынан да «тумандуу парда» фигуралары пайда болгону билинди. Муну азыр айтып койбосок, эртең айткан менен пайда жок. С. Жапаров азыр муфтияттын айланасындагы чырга кимдер катышкан болсо, аларга тез арада тиешелүү чара көрүүсү керек. Ошол эле убакта кадр тандоодогу алешемдиктерге жол бергендердин да чарасын көрүшү зарыл. Мурдагы бийликтегилердей бир жакын адамынын сөзүн гана чын деп эсептеп, көпчүлүктүн айтып жатканын төгүнгө чыгара берсе, анда жаңылыштык улана берет. Дагы бир төңкөрүштүн Кыргызстанга кереги жок. Андай болушун азыр эч ким каалабайт. Себеби, мамлекетибиз азыр жардын кырында турат. Дагы бир төңкөрүштү көтөрүшү кыйын. Эл С. Жапаровго өтө чоң ишеним артып, добушун берген. Эми ошол ишенич акталбай калса, анда мындан ары бир дагы саясатчыга ишеним артуу кыйын болуп калат. Президенттин кызматына расмий киришкенине 20 күн убакыт өттү. Бирок, эл дуу этип колдоп ала турган бир дагы чечими чыга элек. Тескерисинче кыска убакытта эле мурдагы рейтинги бир топ түшүп кеткени чындык. Ошентсе да ишеним али бар. Ишенимдин оту өчпөсүн.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн