Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президенттин маалымат катчысы Бекназаровдун Ширшов боюнча айтканын тастыктады (фото)

13.05.2022 10:30
668
Президенттин маалымат катчысы Бекназаровдун Ширшов боюнча айтканын тастыктады (фото)

Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Дастан" ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшовго карата кылмыш иши козголгонун тастыктады.


"Ширшов боюнча тактоо. 


Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында Президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. 


Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган",- деди Эрбол Султанбаев.


Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго карата 3-4 кылмыш иши козголгонун айтып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн