Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:52
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Президенттин маалымат катчысы Исаков менен Романовдун чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады

25.01.2024 12:21
327
Президенттин маалымат катчысы Исаков менен Романовдун чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады


Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамоновдун 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө "Машина белек кылган учурда түшкөн сүрөтү. 6-октябрь, 2020-жыл" деп жазылган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында Сапар Исаковго колдоо көрсөтүп тургандыгын айтты.

"6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон "Мерседес" унаасын белек кылган. 8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген", - деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы кечээ жакында аталган зооттолгон унаа жер төлөдөн табылгандыгын кошумчалады.

"Унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди", - деди Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн