Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Президенттин маалымат катчысы Муфтийликке байланыштуу тараган аудиожазуу боюнча пикирин билдирди

17.02.2021 11:40
734
Президенттин маалымат катчысы Муфтийликке байланыштуу тараган аудиожазуу боюнча пикирин билдирди


Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда Максат ажы Токтомушевди Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башчысынын кызматынан бошотулушуна өлкө жетекчилигинин катыштыгы бар экендиги жөнүндө таратылган маалыматты четке какты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.



Белгиленгендей, социалдык тармактарда аудиожазуу тарап, анда белгисиз адам президент Садыр Жапаров ага өлкөнүн муфтий кызматын убада кылганын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен  мыйзамсыз кызматтан кетиришкенин билдирген. 


Байтерек белгилегендей, мындай маалымат "чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ".


Ал кошумчалагандай, Жапаров экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев менен жолугушууларды өткөргөн эмес жана алар менен сүйлөшкөн эмес, ошондой эле «ал ага эч нерсе убада кылган эмес».


Президенттин басма сөз катчысы "айрым күчтөр дүрбөлөңгө салып, коомдо чыңалууну жаратууга кызыкдар экендигин" баса белгиледи.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ырсалиев султанбек
Саламатсызбы сиз калыс болсоңуз такталбаган маалыматты ажобуз айтып чыктыго ошого сиз кандай дейсиз