Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президенттин маалымат кызматы чабалдыгын көрсөтүп жатабы?

17.02.2021 11:02
911
Президенттин маалымат кызматы чабалдыгын көрсөтүп жатабы?

Акыркы бир нече күндөн бери өлкөбүздө мамлекеттик чек ара маселелериндеги көйгөй көбүрөөк көтөрүлүп, бийлик биринчи кезекте көңүл бура турган маселе болуп турат. Буга коңшулаш Тажикстан, Өзбекстан менен чектеш аймактардагы жаңжалдар себеп болууда. Ошол аймактардын жашоочулары президентке атайын видеокайрылуу да жолдошту. Өкмөт үйүнүн алдына чек ара маселесине кайдыгер эмес мекендештер, Баткен, Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондорунан келген тургундар митинг да өткөрүштү. Алар президент Садыр Жапаров онлайн режимде иштөөгө өткөнүнө байланыштуу онлайн көрүшүүнү да талап кылышкан. Бирок, эмнегедир бийлик тараптан бир дагы реакция жасалган жок. Тескерисинче президенттик аппарат онлайн кабыл алуу мүмкүн эместигин билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыкты.


Албетте, азыр мамлекет башчысы Россияга жасай турган сапарынын алдында обочолонуп иштеп жатканын түшүнөбүз. Андыктан ал эч кимди кабыл ала албайт. Ошентсе да чек ара маселеси тууралуу өзүнүн позициясын билдирип кое алат эле да? Мындай кызматты президенттик аппараттын маалымат саясатын жүргүзгөн бөлүм ишке ашыра алат. Эмне үчүн эки күн катары менен митинг болуп жатканда аталган маалымат кызматы бир ооз комментарий берип кое албады?


Негизи эле президенттин маалымат кызматы өзүнүн чабалдыгын кыска убакыт ичинде эле көрсөтүп алды. Мисалы, Райымбек Матраимовго карата чыгарылган соттун чечимине нааразычылыктар башталары менен эле, президенттин бул жааттагы позициясы кандай экенин дароо билдирип койгону туура болмок. Тымтырстык кармап туруп алышкандан улам, коомчулукта бийлик өзү Матраимовду калкалап жаткандай пикир пайда боло калды.


Мындан сырткары кадрдык жүрүштөргө карата ачуу сын-пикирлерди кече жакында эле С. Жапаровдун жанында жүргөндөр да айта баштады. Бул боюнча да президенттин маалымат кызматы ынанымдуу жооп даярдап, коомчулукка таратып койсо жарашмак.


Муфтияттын айланасындагы маселени да президенттин оозу менен сүйлөтпөй, жөн гана маалымат кызматы кыскача комментарий берип койгону жетиштүү болмок.


Айтор, бүгүнкү күндөгү мамлекет башчысынын маалымат кызматы да экс-президенттин маалымат кызматы сыяктуу эле түштөн кийин ойгоно калгандай кызмат өтөп жатат. Же болбосо жөн гана ошол кызмат ордун ээлеп отурганына бактылуудай отурушкансыйт. Бүгүнкү коомдо бардык нерсе маалыматтын өз убагында жеткирилгенине байланыштуу экенин билебиз. Маалымат кечиксе, анда көп окуялар тескери натыйжа берип калышы мүмкүн. Муну өткөн жылдын октябрь төңкөрүшү далилдеп бербеди беле? Ошол эле жолду эми С. Жапаровдун маалымат кызматы улантууга өттүбү?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн