Парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов менен депутат Мирлан Жээнчороев айтыша кетти.
Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып бүткөндөн кийин Калматов сөз алды.
"Жаңы Конституциянын долбоору жактырылса, азыркы мыйзамдар өзгөртүлөт. Кечээ эле президент шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эртең шайлоо мыйзамдары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болот. Мамлекет башчынын өкүлү катары жекече оюм, президенттин жарлыгын сыйлап, уруксат берсеңиздер ошондон кийин бул мыйзам долбоорун жакшылап талкуулап алып чыксаңыздар жакшы болот эле деген оюмду айтып жатам", — деди Калматов.
Ага демилгечи депутат Алтынбек Сулайманов жооп берип, бул мыйзам долбоору ал жарлыкка таасир этпей турганын айтты.
Анда Калматов "шашылбай, поезддин алдында чуркабай эле карасаңыздар. Президенттин жарлыгын сыйлап коёлу деген эле сөз болуп жатат" деп кайрылды.
Мындан улам Жээнчоров микрофонго чыгып, президенттин өкүлүн жеке оюн айтып, депутаттарга шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн