Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат

15.04.2024 13:05
83
Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат


КР президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Белгиленгендей, документтерди кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.

"Эл үмүтү" стипендиясынын максаты – Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларда, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

"Эл үмүтү" стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн – 10 стипендия.

"Эл үмүтү" стипендиясына конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын магистратурада окууга 40 жашка чейинки, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.

Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:

  • ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  • паспорт/инсандын күбөлүгү;
  • транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
  • программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  • эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Арыз берүүчү тарабынын документтери ыйгарым укуктуу органдын веб-порталы аркылуу документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттө берилет.

Тапшырылган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын веб-порталынын жеке кабинетине арыз ээсине документтерди кабыл алуу жана конкурска катышууга уруксат берүү же аларды кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Документтерди кабыл алуу үчүн ушул Эрежелердин талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген, ошондой эле документтердин толук эмес пакети берилген учурда, арыз ээси белгиленген мөөнөттө бузууларды четтетүүгө жана документтердин пакетин кайра берүүгө укуктуу.

Конкурска катышууга уруксат берүү үчүн өтүнмө ээсинин жана документтердин пакети ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Документтер топтомун: https://umut.edu.gov.kg/шилтемесиндеги формага тиркейт.

Билим берүү министрлиги документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керектигин эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн