Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президенттин тапшырмасы менен Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын эли менен жолугушту

12.04.2022 08:28
567
Президенттин тапшырмасы менен Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын эли менен жолугушту

Өлкө башчысынын тапшырмасынын алкагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын эли менен жолугушту.


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга облус башчысы менен бирге шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери да катышып, жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлөргө жеринде жооп беришти.


Эл менен болгон жолугушууда негизинен жергиликтүү тургундар Баткен шаарындагы бир канча чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди айтып, облус башчысынын жеке көзөмөлүнө алып, маселелердин ыкчам чечилүүсүнө жардам берүүсүн суранды.


Абдикарим Алимбаев жеринде тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, ар бир коюлган тапшырма так жана ыкчам чечилип, эл арасында көйгөйлөр жаралбашы керектигин баса белгиледи.


Мындан сырткары, шаардагы таза суу, саркынды суу жана жарыктандыруу, жумушсуздук, жер жана башка маселелер каралды.


Эскерте кетсек, облус башчысынын мындай жолугушуулары облустун ар бир район, шаарларында өтөт.


Белгилей кетсек, жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн