Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президенттин тапшырмасы менен "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады

24.07.2021 11:31
1928
Президенттин тапшырмасы менен "Манастын уулу Семетей"  тасмасы тартыла баштады


Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Бул туурасында фильмдин продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди.



Анын айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.


"Тартуу иштерин мурдагы күнү Чуңкурчактан баштадык. Ал жерге хан ордо орнотконбуз. Андан кийин Ысык-Көлдүн, Таластын көп жеринде тартылат. Хронометражы 2,30-3 сааттык болот. Кинотеатрларга прокатка чыгаргандан кийин өзүнчө телесериал болуп көрсөтүлөт. Азырынча бир миллион долларлык бюджет менен баштадык. Тасма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылууда", — деди Төлөбеков.


Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат. Ал эми Семетейдин ролуна кастинг жыйынтыктала элек. Продюсер башкы каармандын чоңойгон кези тартылганга чейин ал тандалып бүтөрүн белгиледи.


Тасманын жаратуучулары төмөнкүлөр:


Режиссерлор — Дархан Кожохан, Эгемберди Бекболиев;

Сценарийин жазган жана продюсер — Өмүрзак Төлөбеков;

Башкы оператор — Айбек Жангазиев;

Креативдүү продюсер — Нурлан Мамакеев;

Аткаруучу продюсер — Жолдошбек Жанжигит;

Койгон сүрөтчү — Садыр Сагынбаев.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кино тарткан акчага Баткендеги уйлор буткондо.Кыш келет ертен .Азыр кино емес курсак тойбой атат елдин