Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент өзүнүн туугандарын мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга дайындоосуна, ошондой эле алардын компанияларына мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору буга чейин ЖКнын сайтында коомдук талкууга коюлган.
Бекешевдин айтымында, жаңы конституция кабыл алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентине эбегейсиз ыйгарым укуктар берилген. Тагыраагы, мамлекет башчы өзүнүн туугандарына иш жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алат жана бул 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылы 7-апрелде жана 2020-жылы 5-6-октябрда болгон окуялардын кайталанышына түрткү болот.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда президенттин соттордун жана Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүүсүнө тыюу салуу, сотко жана депутаттарга кысым көрсөтпөө сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн