Бугу 01, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Президенттин жанындагы руханий кенч – Сүйүнбек Касмамбетов

05.09.2021 12:26
1573
Президенттин жанындагы руханий кенч – Сүйүнбек Касмамбетов


Төңкөрүш бул – хаос жаратат. Октябрь окуяларында мамлекетибиз чайпалып барып токтоду. Бийлик бутактарында дээрлик башаламандык өкүм сүрүп, кайра калыбына келтирүү түйшүгү турду. Өкмөт, аткаруу кызматындагы жетекчилер качып кетишкен. Мындай шартта тез арада команданы топтоп, ишти шыр алып кетүү вазыйпасы бар эле. Анан калса, түрмөдөн жаңы чыгып келген Садыр Жапаровго каршылаш күчтөрдүн азуусу ачык эле көрүнүп калган... 


“Жандооч кийик аттырат” мисалындай кыйын кезеңде арка-бел болгондо


Дал ушундай оор кырдаалда Садыр Жапаровдун аппарат башчысына Сүйүнбек Касмамбетов келди. Көчөдө арматура көтөргөн “дакансалар” удургуп жүрүшсө, алардан жүрөгү түшкөн Акүй, Көкүйдүн кызматкерлери небак эле безип кетишкен да. Караңгыдан көз тапкандай эле Сүйүнбек мырза “атамбаевчи, жээнбековчу” деп кадрларды бөлбөстөн, баарын чакырып, мамлекет үчүн иштөөгө үндөп, кыйчалыш кырдаалдан эртелеп чыгып кетүүнүн камын көргөн. Ал эми булганган айрым жетекчилер өздөрү деле айбыгышып, келе алышкан жок...


Ошентип, бир канча ай өткүчө мамлекеттик машинаны оң жолго салуу үчүн Сүйүнбек Касмамбетов жан үрөп, “жандооч кийик аттырат” мисалындай президентке арка-бел болду. Бул багыттагы түйшүктүү иштерди санай берсек, сөз арбып кетчүдөй, андан көрө биз кеп кылып аткан каарманыбыздын бейнесине азыноолак токтолуп көрбөйлүбү? 

 

Жабылуу кара ингендей артыкчылыгын билгени, билбегени арбын


Жогорку Советтин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун мезгилинен тарта Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик кызматка жуурулуша иштей баштайт. Отуз жыл чамасындай парламенттин казанында кайнап, миңдеген мыйзам, токтомдор колунан өттү. Үч ирет Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеди. Арийне, оош-кыйыш, тарыхый бурулуш мезгилдеринде кризис-менеджер катары өзүн көрсөтүптүр. Коммунисттик ырааттуу тарбиянын таасири да. Бирок, ал көп сырды ичине катып жүргөндөй эле, пиар менен алектенбей, мактанбастан ишмердигин жогорку чеберчиликте аткарып, жабылуу кара ингендей образ күткөнүн байкадык. Кызматында наристенин көз жашындай тазалыкты тутунуп, мыйзамсыз, калпыстыктардан оолак турганы эмне деген артыкчылык? Ооба, Жогорку Кеңештеги түйшүктүү эмгеги, узак баскан жолу кези келгенде кенен талданып, таасын баасы берилерине ишенебиз. Асыресе, учкай сөз улоо менен учукту узартууга коңгуроо каккан жайыбыз...


Руханий баалуулугу, чыгармачылыгы келечектин кербези катары созулат


Баса, Сүйүнбек Касмамбетовдун комузда кол ойноткон чеберчилиги, күүлөрдү кыраатына келтире черткени, төкмө акындыгы, манасчылыгы, куйкум сөздүн устаты экенин жамы журт биле бербесе керек. Мамлекеттик кызматты аркалабай, толук кандуу чыгармачылык менен алпуруша кеткенде атасы (манасчы, төкмө акын) Сапарбек Касмамбетовдон ашып түшкөнүн реалдуу турмушта көрөт белек? Бирок, дээринде бар данектүү бала тубаса өнөрүн эл көзүнө даңазалабаса да, кубанганда, кайгырганда комуздун кылдары менен бөлүшүп, ата-бабадан калган мукам, сыйкырдуу доошунда жашап келсе керек. Сүйүнбек мырзанын руханий баалуулуктарын, чыгармачылык дараметин даңазалоо, ачып берүүгө кенен убакыт сарпталарын эскертели. Алакандай гезит бетине баарын сыйдыруу мүмкүн эмес, бул жагы эми келечекке карай кербез катары созулат...

 

Адамгерчиликке бай, бирок Саякбайчасынан ашата сөкмөй адаты да бар...


Эң башкысы, биз сөз кылып аткан персона адамгерчиликтүү инсан. “Таш менен урганды аш менен урган” кыргыздын философиясын тутунат. Кимдир бирөө билбей, же атайылап карасанатайлык кылса, ага эрегишип, чырды күчөтүү менен жаңжалдашууга барбайт. Бул сапаты коркконунан эмес, алысты көрө билгенинен, акылмандыгынан келип чыккан жүрүшү. Ачууга алдырып, бүтүндөй өмүрүндө топтогон аброюн болор-болбос талаш-тартышка булгап, жеңил баа көрүнүүдөн бийик турганы жөн жерден эместир. Саясаттын чордонунда кеменгерлик менен гана сакталбасаң, алакөөдөндөр аласалып кетиши ажеп эмес. Эң башкысы, Сүйүнбек Касмамбетов кандай гана жогорку кызматтарды аркалабасын, сөз ташыгандан, интрига кылуудан караманча алыс экенин жакындан билгендер саймедирешет. Узакка чапкан карьералык өсүшү, мамлекеттик ишмер катары жогору бааланышы да ушул жөнөкөй, бирок, арканды алыс ыргыта билген астейдил сапаты эмеспи? 


Ал эми ачуусу келгенде, же күйүп атса Саякбайчасынан ашата сөкмөй адатын да кыпчый кетели. Антпесе кыргыз болобу?..


Асланбек Сартбаев, журналист


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн