Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президенттин жарлыктары аткарылып жатабы? Медербек Сатыев аймактарды кыдырып келди

20.04.2021 09:25
1022
Президенттин жарлыктары аткарылып жатабы? Медербек Сатыев аймактарды кыдырып келди

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун тапшырмасы менен өлкөнүн бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Сапардын жүрүшүндө президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мамлекет башчысынын жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшүнөн кабар алды.

Иш сапардын жүрүшүндө аймакты өнүктүрүү алкагында жер-жерлердеги ишкерчиликти колдоо, инвестиция тартуу багытындагы иш-аракеттер, аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, сел жана жер көчкүлөрдү алдын алуу жана башка социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бурулду.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын билим берүү, жол, жайыт, турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо маселелеринин чечилишинин зарылдыгы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн