Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажикстандын президентинин жээндери министрди жана дарыгерлерди ур-токмокко алды

27.07.2021 07:43
1411
Тажикстандын президентинин жээндери министрди жана дарыгерлерди ур-токмокко алды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан каза болгондон кийин Президенттин үч жээни саламаттык сактоо министрин жана апасын дарылаган дарыгерлерди ур-токмокко алган. Бул тууралуу "Озоди" өздүк булактарына таянып билдирди.


Басылманын маалыматына караганда, Тажикстандын башчысынын эжесин коронавирус менен дарылоо үчүн Германия, Россия жана Өзбекстандан адистер чакырылган. Рахмонованын өлүмүнөн эки саат мурун чет элдик адистер тажик дарыгерлери «бейтапты туура эмес дарылаган» деп билдиришкен.


"Бул корутунду Курбонби Рахмонованын балдары: Фахриддин, Фаррух жана Зиедали Сафаровдордун ачуусун келтирип, алардын энеси каза болгондон кийин дарыгерлерге жана азыркы министрге кол салышкан.Аларды Президенттин  уулу Рустам Эмомали гана тынчтандырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн