Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат У.Примов Алайга 2.5 млн сомдук медициналык каражаттарды тапшырды (сүрөт)

21.07.2020 17:53
574
Депутат У.Примов Алайга 2.5 млн сомдук медициналык каражаттарды тапшырды (сүрөт)

 

“Примов” коомдук кайрымдуулук фонду Алай районунун 14 айыл аймагына 2.5 миллион сомдук медициналык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов билдирди.


Анын айтымында, дары-дармек, беткаптар, дем алдыруучу концентраторлор, дене табын текшерүүчү шаймандар, коргоочу кийимдер жана башка каражаттар тапшырылган.


“Бүгүн “Примов” коомдук кайрымдуулук фонду “Ден соолук кербени” долбоорунун алкагында кайрадан таажы ылаң (коронавирус) илдети менен күрөшүүдө Алай районунун 14 айылдык аймактарынын медициналык мекемелерине 2.5 млн сомдук медициналык каражат-шаймандарды (дары-дармек, беткаптар, дем алдыруучу концентраторлор, дене табын текшерүүчү шаймандар, коргоочу кийимдер ж.б көптөгөн керектөөлөрдү) тапшырды.


Баарыбыз чогуу бул илдетти жеңип чыгабыз. Демек, кыйынчылыктын аягы – жыргалчылыктын башталышы”, - деп билдирүү калтырган депутат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн