Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Procter & Gamble Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү

15.06.2020 13:10
960
Procter & Gamble Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү


Ташкентте Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус пандемияснын жайылышы менен күрөшүү үчүн АКШдан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы тапшырылды.


Бул ирет Procter & Gamble компаниясы Өзбекстанга 20 миң даана антибактериалдык самынды акысыз тартуу кылды деп билдирди УзА.


Өзбекстандын Вашингтондогу элчилиги да Procter & Gamble компаниясы Өзбекстанга 20 миң даана “Safeguard” бактерияга каршы самынын акысыз бергендигин тастыктады.


Сөз болуп жаткан гуманитардык жардамды тапшырган Procter & Gamble компаниясынын Кавказ жана Борбор Азия боюнча башкы менеджери Дегер Куртасланоглу компаниянын европалык регион боюнча президенти Лоре Тассела үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Ташкентке келе тургандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн