Бүгүн Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновду иш-ордуна киргизбей коюшту. Төраганын айтымында кызматтык эшикти жаап, кулпуларын алмаштырып салышкан. Чоң эшиктен кирейин деп барса, спорттук дене түзүлүштөгү бир нече белгисиз жигиттер жолун тосуп туруп алган. Алар кирүүгө аракет кылган Асанакуновду жулкулдатып да жиберишкен. Баардыгын профсоюздар федерациясынын төрагасынын кызматтан кетүүсун талап кылган топ уюштуруп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн