Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 17:47
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Профсоюздун "боссторуна” мыйзам жокпу?

30.01.2020 13:09
1155
Профсоюздун "боссторуна” мыйзам жокпу?


Бир топтон бери Жогорку Кеңеш менен Кыргызстандын Кесиптик кошун бирликтеринин федерациясынын тирешүүсү уланып келет. Депутаттар 1998-жылы кабыл алынган "Кесиптик кошун бирликтери жөнүндө" мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж десе, кесиптик бирликтин “профбосстору” караманча каршы болуп келүүдө. Анан калса бул мыйзамга андан бери бир гана жолу өзгөртүү киргизилиптир. Ошону менен эки окуудан өткөн аталган мыйзам абага асылган боюнча турат.


400 миң сомго чейин алган "төрөлөр"


Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары “Кесиптик кошун бирликтери жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүшкөн. Жуманын башында ушул комиссиянын жыйыны болуп өттү. Депутаттык комиссиянын төрагасы Таабалды Тиллаев комиссия алгачкы отурумун өткөрүп жатканын белгилеп, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик жана көзөмөл органдары менен тыгыз иштешип, мындан сырткары, жарандардын кайрылуулары боюнча дагы иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ал эми булар менен бир топтон бери кармашып келаткан депутат К.Рыспаев мындай деди: «Аймактардагы Кесиптик кошун бирликтеринин катардагы кызматкерлеринин эмгек акылары болгону 5 миң сом. Ошол эле маалда кесиптик кошуун бирлик уюмдарынын жетекчилеринин маяналары 60 миң сомдон 159 миң сомго чейин жетет экен. Мындан сырткары, 244 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөр дагы бар экен». Ошондой эле ”профбосстор” Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сомдон алса, Асылбек Токтогулов 159 миң, Накен Саалиев 90 миң, Шамил Осмонов 74 миң сом маяна алып турганын айтты депутат Рыспаев.


Караңгы үйдө каман күркүрөйт


Бул маалыматтар интернет булактарында көпчүлүктүн сынына кабылды. Башкача айтканда, Кыргызстан кесиптик кошундар бирлигинин федерациясынын босстору май талканда жашап жатышыптыр. Себеп дегенде, тиешелүү органдар буларды баса калып текшере алышпайт. Азыркы Кесиптик кошундардын бирликтери жөнүндө мыйзам боюнча булар коомдук бирикме катары өздөрүнүн уставдары аркылуу башкарылат. Кесипчилердин бухгалтериясын текшермек түгүл, босогосун аттай албайсың. Анан билгенин кылышат да. Жогоруда эки окуудан өткөн мыйзам кабыл алынса көп нерсе өзгөрүп кетеби деп ызылдашкан “профбосстор” кайра-кайра митинг өткөрүп, андан ары президентке, атургай Женевадагы Эл аралык эмгек уюмуна (МОТ) чейин кайрылып жиберишти. Жөн кайрылбай кокус мыйзам кабыл алынса Кыргызстан ВСП+ программасынан чыгарылат дешип бүтүндөй мамлекетти чөгөлөткүлөрү бар. “Депутаттар сунуш кылып жаткан”Кесиптик кошундар бирлиги жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы кесиптик кошундардын көз карандысыздыгын жана ыктыярдуулугун үзгүлтүккө учуратат, Кесиптик кошун бирликтеринин төрагасынын укуктарын негизсиз кеңейтет, кокус бузуулар болсо аны иштен кетирүү механизмин жокко чыгарат жана коррупциялык схемаларды түзөт,” - деп билдирди буларга жан тарткан укук коргоочу Чолпон Жакупова ушул тема боюнча өткөн талкууда. Биздин пикирибизче, Жогорку Кеңештин депуттар тобу тарабынан даярдалып жаткан “Кесиптик кошуун бирликтери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши аба-суудай эле зарыл болуп турат. Болбосо, “караңгы үйдө каман күркүрөйт” болгон мындай абалдан чыгыш кыйын. Депутаттык комиссияда айтылгандай Кесиптик кошун бирликтери федерациясынын кеңешинин 29 мүчөсүнүн эбегейсиз каржылык мыйзам бузууларга барышы, 30 жылдан бери кызматтан түшпөгөн босстордун келип чыгышы мына ушул мыйзамга жамынып алып жасалган иштер деп эле түшүнгөнүбүз оң.


Депутат Кожобек Рыспаев: “ЖЭБ быякта эле калат”


Депутаттардын жумушчу тобунун жыйынында каражаттарды чыгаруу боюнча коррупциялык фактылар жана схемалар, объекттердин мыйзамсыз менчиктештирилиши жана сатылышы, анын ичинде «Красная гвоздика», «Байсоорун» балдар лагерлери, «Абшир-Ата» турбазасы, «Саякат» мейманканасы жана башка объектилер тууралуу айтылды. Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев, мурдараак ЖМКларга деген мындай маалымат тараткан: “Болжолдуу түрдө кесиптик кошундар уюмуна 1 миллиардга чукул каражат чогулат. Бирок бул акчанын сайда саны жок. 29 тармактык жетекчи өздөрүнүн кеңешинде бул акчалардын тагдырын өз алдынча чечишет экен. Биз алгач ушул бир процентти эле карап баштаганбыз, (кесиптик кошундарга 1 пайыздык которууларды айтат) бирок өздөрү митинг уюштуруп, демилгечи депутаттарды жаман атты кылып, ар кайсы депутаттарга байланышка чыгып абалды курчутуп жиберишти. Анан жакшылап карасак булардын мүлктөрү чыга баштады. Мыйзамсыз кеткен жерлер, чоң-чоң пансионаттар, мисалы “Саякатты” 49 жылга ижарага берип салышкан. Бул сатты дегенди эле билдирет да. “Достук” мейманканасынын 43 пайызы акционерлерге өтүп кеткен. “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ала-Тоо” пансионаттарындагы жерлер сатылып кеткен. Ал эми ”Жалал – Абад” курортундагы коррупция туу чокусуна жетиптир ЖЭБ биякта эле калат”. Мындан тышкары атайын банкроттук абалга жеткирилип, эс алуу үйлөрү, санаторийлер жана туристтик базалар сатылып жаткандыгы айтылды. «Булар СССРден калган мурас, аларды өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдаланып, туш келди сатууга эч кимдин укугу жок. Бүгүнкү күндө «Жети-Өгүз», «Жалал-Абад» санаторийлери, «Чолпон-Ата», «Кыргызстан» эс алуу үйлөрү өтө аянычтуу абалга кептелген, - дешти комиссия мүчөлөрү. Мисал келтирсек, бир кездеги “Чолпон-Ата” эс алуу үйү банкрот абалына жеткирилген.


Депутат Т.Тиллаев: “Силер мүлк эмес аялдарын да тартып алат экенсиңер”


Жыйындын соңунда депутаттык комиссиянын жетекчиси Т.Тиллаев буларга токтолду: “Укук коргоо органдары биз сиздерге дагы факт беребиз. Жалал-Абад курорту ж.б. боюнча бүгүндөн баштап иш алып барышыңыздар керек. Мамлекет жыл сайын буларга 300 млн. сом элдин ден соолугун чыңдоо боюнча бөлөт. Бул каражат кандай пайдаланып жатат? Биз кичинекей бала бакчаларга тендер коюп койгонбуз. Ал жакта 50-100 бала болсо, ири пансионаттарда миңдеген кишилер эс алат. Алардын беш маал тамагы бар дегендей. Укук коргоо органдары биз бул маселени палатага жеткиргенче иликтеп чыксаңыздар. Биз мөөнөтү боюнча мыйзамдарды өзгөрттүк. Ага ылайык пионер лагерлери, ооруканалар кайта кайтарылып алынышы керек... Эми ушунча мафия болуп кетипсиңер, силер мүлк эмес аялдарын да тартып алат экенсиңер. Бизге ыйлап келишти менин аялымды тартып алышты деп. Аялым түгүл бажамдын аялын тартып алды деп. Эс алууга чет мамлекетке чыкканда...(Т.Тиллаевдин туюк сөзүнө караганда буларың бирөөнүн аялын чет өлкөгө чыгышканда чертип кетишет окшойт). Эми бул айта турган маселе эмес бирок коомчулук билиши керек”,- деди ал. Аныгында аялдарын тартып алабы, алмашып жиберишеби, бирөөнүн балдызын жазгырып кетишеби, бул жагын Кесиптик кошундар бирлигинин федерациясынын боссторунун өздөрүнүн абийирине койдук. Ошол эле учурда мындай маалымат булардын таза эле былгып бүтүшкөнүнөн да кабар берет. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына "Кесипчилерге" байланыштуу кескин тапшырмаларды беришти.


Бакыт Асаналиев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
мирбек
чын эле мыйзам иштебей калды буларга