Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Программист Чыңгыз Монокбаев Кыргызстанды IT өлкөгө айландырууну кыялданат (видео)

27.04.2021 10:10
1083

“Скай Мобайлдын” санариптик продуктуларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Чыңгыз Монокбаев Ютубдагы “Bilesinbi.kg” каналына маек берип, программист болуунун жолдору тууралуу айтып берди.


Чыңгыз Монокбаевдин айтымында, ал Бишкектеги курстардын биринде 2 айлык гана билим алып, андан ары өзү өздөштүрүп кеткен. 3-4 жылдан бери ушул багытта ишин ийгиликтүү улантып жаткан учуру.

Мыкты программист болуш үчүн эң жакшы, сапаттуу курстарга барыш керек жана адамдын өзүндө математика жана логикалык ой жүргүртүүсү күчтүү болушу зарыл”, - дейт Чыңгыз.

 

Ал кошумчалагандай, жакшы курстардын баасы айына 10 миң сомго чейин айланат жана эң узак мөөнөттүүсү 9 айга чейин.

“Мен Кыргызстанда көп IT программист болуп, баарыбыз биригип IT өлкөгө айландырсак деп сунуш кылат элем жана бул менин чоң кыялым. Буга көзүмдүн салымымды кошом деп ойлойм”, - деди ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн