Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Прокуратура 12 миңден ашык мамлекеттик кызматкердин декларациясын текшерет

19.10.2022 12:55
333
Прокуратура 12 миңден ашык мамлекеттик кызматкердин декларациясын текшерет

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2021-жылдагы салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.


Белгилей кетсек, 58 миң 930 декларация, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын 1413 декларациясы иштелип чыкты жана талданды.


Талдоонун жыйынтыгында декларацияланган активдер менен башка булактардан алынган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктары бар декларанттар боюнча тиешелүү корутундулар прокуратура органдарына берилди, ошондой эле башка мыйзам бузуулар аныкталган.


Алсак, юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына 12 миң 844 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар берилген.


Анын ичинен 5300 декларант декларация тапшырган жок, 1792си мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен, ал эми 5752си анык эмес маалыматтар менен тапшырган.


Жалпысынан 2022-жылдын 1-октябрына карата салык органына 58 миң 930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары электрондук түрдө тапшырылган. 4886 адам такталган декларацияны 30-июнга чейин тапшырышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн