Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Прокуратура Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнүн аныктады

11.02.2021 09:24
750
Прокуратура Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнүн аныктады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталганын билдирди.


Бул тууралуу Зулушев «Азаттыктын» үналгысынын эфиринде айткан.


Ал ошол эле убакта издөөдө жүргөндөр кайсы жакта экенин тактаган жок. Баш прокурор бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, жакын арада кененирээк маалымат берилерин маалымдады.


Курманкул Зулушев мурдараак атайын басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, башаламандык учурунда кызмат ордун таштап кеткени үчүн Жунушалиев менен Опумбаевдин жоругуна юридикалык баа берилерин айткан.


Булак: Азаттык 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн