Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:15
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Прокуратура Тоң районунда кызды кезектешип зордуктагандарга катаал жаза колдонууга жетишти

30.03.2021 17:02
4380
Прокуратура Тоң районунда кызды кезектешип зордуктагандарга катаал жаза колдонууга жетишти

2021-жылдын 29-мартында Ысык-Көл облустук соту Тоң районунун прокурорунун сунушун канааттандырып, эки айыпталуучуну Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп таап 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Ал эми Тоң райондук соту тарабынан 7 жыл 6 айга кесилген үчүнчү айыпталуучуну облустук сот 20 жылга эркинен ажыратууга өзгөрттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


2020-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облустук прокуратурасы аталган жазык ишке айыпталып жаткан эки жаранды актаган Тоң райондук сотунун судьясын жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш берген (азыркы учурда кароо стадиясында турат).


Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылында орун алган 2005-жылы туулган өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча тергөө органдары Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгошкон. Аталган ишке шектүү катары айылдын үч тургуну (экөөсү 28, бири 41 жашта) кармалган.


Тергөө иштеринин жыйынтыгында жазык иши негизинен кароо үчүн Тоң райондук сотуна жөнөтүлгөн. Мамлекеттик айыптоочу эки айыпталуучунун ар бирин 15 жылдык мөөнөткө, үчүнчү айыпталуучуга карата 20 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазалоону суранган.


Сот отурумунун жыйынтыгында 2020-жылдын декабрь айында Тоң райондук соту айыпталуучулардын экөөсүн актап, сот залынан бошоткон. Ал эми үчүнчү айыпталуучуга карата 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кулджан 89777766957
Менин пикирим бул зоокурлорду камаш кк жаны законго ушундай группавой изнасилование жана жаш оспурумдорду кордогондорду олум жазасына же омур бою камаш кк.
Конок
Тура, пикиринизге кошулам