Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Прокуратура бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кеткен жерин кайтарды

05.11.2021 09:46
699
Прокуратура бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кеткен жерин кайтарды


Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктура объектисинин мыйзамсыз сатылган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2005-жылы «Арал» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын токтому менен Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн менчигинде турган «Арал» бала бакчасынын 0,18 га болгон жер тилкеси жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.


Жерди кайтарып алуу максатында, көзөмөл органы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо арыздар келтирилген.


Соттук кароолордун жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толук канааттандырылган.


Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 3 075 000 сом болгон 0,18 га аянттагы бала бакчанын жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн