Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Прокуратура эми тергөө иштерине көзөмөлдү күчөтөт, - депутат

29.06.2023 11:15
288
Прокуратура эми тергөө иштерине көзөмөлдү күчөтөт, - депутат


Прокуратура эми тергөө иштерине көзөмөлдү күчөтөт, деп билдирди депутат Сүйүн Өмүрзаков 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.


«Прокуратурадан тергөөчүлүк милдетти алып салдык, эми алар көзөмөлдү күчөтүшөт. Тергөөчүлөрдүн жумушу мындан ары көп болот, ошондуктан райондук милицияга да айрым тергөөчүлүк милдеттер берилиши керек. Оор жүк менен тергөөнүн сапаты да төмөндөйт. Ошондуктан кошумча штаттар берилиши керек. Мындай реформадан кийин тергөөнүн сапаты тууралуу сөз болбошу керек. Баардыгы мыйзам долбоорун колдоду, тергөөчүлөрдү колдогула», - деп кайрылды Өмүрзаков бийликке.


Жогорку Кеңеште тергөө функцияларын прокуратурадан алып салуу боюнча мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды. Тергөө иштери Ички иштер министрлигине жана УКМКга өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн