Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Прокуратура кызматкеринин өлүмү үчүн берилген 21 млн сом. Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсү

16.05.2023 11:06
952
Прокуратура кызматкеринин өлүмү үчүн берилген 21 млн сом. Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсү

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын кызматкери Бектаналы Абдырахманов прокуратура кызматкерлери каза болгон учурда төлөнө турган кенемте тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, кенемте башка күч структураларынын кызматкерлери да кызмат учурунда каза болсо берилет.


"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Мыйзамына ылайык кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.


Бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес! Бул баардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү баардык мамлекеттик органдарга тиешелүү. 

Мындай мыйзам Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ тарабынан кабыл алынган.

Анан дагы, каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге ГАНА КР прокуратурасынын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп берилет! 

Мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 10-20 жыл 1-2 жолу катталган",-деп жазды Абдырахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн