Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пульмонолог Т.Сооронбаев: COVID-19дун кесепетин иликтеген комиссиянын бири кызыл зонада иштеген эмес

25.01.2021 11:45
542
Пульмонолог Т.Сооронбаев: COVID-19дун кесепетин иликтеген комиссиянын бири кызыл зонада иштеген эмес

Башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына билдирген.


«COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө менин да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Ушул комиссиянын курамына кирип, изилдөөсүнө катышалы деп бир нече ирет вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевага кайрылдым. Бирок ал менин кайрылуумду кабыл алган жок», - деди Сооронбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн