Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Пульмонолог: сасык тумоо жок, мунун баары коронавирус

26.06.2020 09:54
1170
Пульмонолог: сасык тумоо жок, мунун баары коронавирус


Азыр эч кандай сасык тумоо жок, мунун баары коронавирус. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.


Анын айтымында, оору жуктургандардын саны көбөйөт. Буга санитардык эрежелердин сакталбаганы себеп болуп жатат.


223 учур бул анализ алынгандар гана. Анализ тапшыра элек дагы канча адам бар? Телефондор бошобой, адамдар адистерге, ыкчам линияга чалып жатышат. Чыныгы сандар такыр башка. Дене табы жогору жарандар көчөдө сейилдеп, өздөрү дарыгерге барып, кичи автобуста башкаларга оору жугузганга жетишип жатат, - деген пульмонолог.


Ошондой эле дене табы жогорулап жаткан жана пневмонияга кабылган жарандар көбөйгөнүн кошумчалаган.


Коронавирус инфекциясын типтүү эмес пневмония деп да аташат. Учурда дене табы көтөрүлгөн ар бир экинчи адамда пневмония бар. Азыр сасык тумоо, энтеровирустук инфекция жок. Мунун баары желдеткичтин таасири, жел тийип калды деп айтуунун кереги жок. Дене табынын жогорулашы — коронавирустун негизги белгиси. Бизде эч качан жайында сасык тумоо, курч респиратордук инфекция күчөгөн эмес. Өзүңүздү жана башкаларды алдабаңыз. Бүгүнкү күндө аз сандагы адамдар гана курч респиратордук инфекция жана сасык тумоо менен ооруп жатат, балким 1 пайыз. Калгандары коронавирус инфекциясы, - деген Сооронбаев.


Анын айтымында, дене табы жогорулаган учурда адам обочолонушу керек. Ал вирусту алып жүрүүчү экенин түшүнүшү зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн