Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 10-мартта Россияга киргизилген санкцияларды тиешелүү жетекчилер менен талкуулады. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Путиндин айтымында, Россияга санкциялар Украиндагы операция болбосо да киргизилмек.
"Биз байкап тургандай санкциялар соода жүгүртүүнүн айрым бөлүгүнө таасир этти.
Бирок биз өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарып жатабыз.
АКШ президенти Жо Байден Россиянын мунайын импорттоого тыюу салды. Эми Америкада кандай кымбатчылык болуп жатканын көрүп жатабыз. Ошого да Россияны айыптап отурат",- деди Путин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн