КМШ өлкөлөрү Афганистан чек арасындагы террорчуларга каршы турууга даяр болушу керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.
Путиндин айтымында, Афганистандагы кырдаал Борбордук Азия өлкөлөрүнө көбүрөөк таасир этет.
"Афганистан менен чектешкен КМШ өлкөлөрү террордук чабуулдарга каршы турууга тийиш. Ар дайым чек арадагы абалды көзөмөлдөп, дыкат иликтеп турууга тийиш",- деди Путин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн