Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Путин: “Биз эпидемияны чегинүүгө мажбурлап жатабыз, бирок вирус дагы деле коркунучтуу”

24.06.2020 11:09
1181
Путин: “Биз эпидемияны чегинүүгө мажбурлап жатабыз, бирок вирус дагы деле коркунучтуу”


Кечээ, 23-июнда россиялыктарга карата кезектеги кайрылуусун жасаган президент Владимир Путин коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында калкка колдоо көрсөтүүнүн жаңы чаралары каралып жаткандыгын жарыя салды. Россияда бүгүнкүгө карата COVID-19 коронавирусу 599 705 адамга жукту, алардын 8359у каза тапты.


Эпидемиянын эң коркунучтуу мезгилинен татыктуу өтүшкөн россиялыктарга, алардын ичинде ыктыярчыларга, баардык медициналык кызматкерлерге, губернаторлор менен мэрлерге ыраазычылыгын билдирген Путин “өлкөдө эпидемия бүтө элек” деди.


Айтымында, кошумча чараларга ылайык, медициналык кызматкерлерге акча төлөө июль жана август айында да улантылат; Жылына 5 миллион рублдан көп киреше тапкан жарандарга салынуучу салыктардын өлчөмү 13төн 15%га чейин жогорулатылат; 16 жашка чейин балдары бар үй-бүлөлөр июль айында ар бир бала үчүн 10 миң рублдан алышат; Россия боюнча наркы 6 миллион рублга чейинки, Москва менен Санк-Петербургда – 12 миллион рублга чейинки жаңы турак үйлөрдү сатып алууга жеңилдетилген ипотекалык кредиттер берилет; IT-компаниялар үчүн кирешеге салыктар 20%дан 3%га чейин азайтылат.


“Биз эпидемияны чегинүүгө мажбурлап жатабыз, бирок вирус дагы деле коркунучтуу”, - деп жыйынтыктады өз кайрылуусун Владимир Путин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн