Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 16-17-сентябрда өтө турган эл аралык уюмдардын жыйынына катышпайт. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Песков кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Путиндин айланасындагы адамдардын биринен коронавирус аныкталган. Мындан улам, Путин обочолонууга мажбур.
Песковдун айтымында, Владимир Путин ЖККУнун жана ШКУнун саммитине онлайн форматта катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн