Бүгүн, 6-мартта Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаал көтөрүлүп, 1 саатка созулган.
Эки лидердин сүйлөшүүсүндө Путин Украинадагы операция Россиянын талаптары аткарылган жана Украина атышууну токтоткон учурда аяктайт. Мындан сырткары, Путин Украинанын азыркы бийлиги сүйлөшүүнү атайын кечеңдетип жатат деп айыптады.
Ал эми Түркия президенти Украина жана Россиянын мамилесин жакшыртууга ортомчу болууга даяр экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн