Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Ооганстандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууну маселесин катуу сындады. Бул тууралуу Путин "Единая Россия" партиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, АКШ менен Европага качкындар виза менен кирбеш керек, ал эми Борбор Азияга кирсе болобу?
"Мен Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын качкындар виза алганга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө баш калкалашы керек деген планынын четке кагам. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнө жүз миңдеген качкындар менен террористтер келсе аларды кабыл алыш керекпи? Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен виза режими жок. Бардык качкындар Россияга кирсе боло береби?
Европа жана АКШнын оюнда Борбор Азия өлкөлөрүнө качкындар визасыз кирүүгө болот. Ал эми аларга кирүүгө болбойбу",- деди Путин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн