Бугу 22, 2024
Убакыт: 05:30
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр

30.04.2021 17:18
998
Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр


Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр, деп билдирди журналисттердин суроосуна жооп берип жатып мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков.


"Албетте, биздин ар кандай форматтагы жалпылыгыбызды эске алганда - бул ЖККУ. Президент Путин уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон курч көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал буга чейин бир нече жолу көрсөткөн", - деди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалда Россия мамлекетинин башчысынын ортомчулук кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого жооп берип жатып.


"Учурда биз жасалган дипломатиялык иштерге жана ок атышууну токтотуу чечимине оң баа беребиз. Биз бул чечимди кубаттайбыз", - деди Песков.


Эске салсак, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал эки мамлекеттин аскерлеринин куралдуу тирешүүсүнө чейин жетти. Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы кагылышуу алты сааттан ашык убакытка созулду. Эки тараптан тең кан төгүлүп, кыргыз тарапта 100дөн ашуун адам жаракат алды. 13 адам каза болду. 29-апрелде кечинде тараптар ок атышууну токтотуу жана күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн