Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Путин, Мирзиёев, Токаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

09.05.2021 11:28
1376
Путин, Мирзиёев, Токаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.


«Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен, биз эсепсиз курмандыктардын жана жоготуулардын аркасында нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат Россия Президентинин жөнөткөн куттуктоосунда.


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.


«Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эчактан бери келаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаев жөнөткөн куттуктоодо.


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.


«Бул майрамда биз бири-бирине жөлөк-таяк болуп салгылашып, дүйнөнү фашизм коркунучунан сактап, жалпы жеңишке зор салым кошкон ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин эстеп, терең ыраазычылык менен алардын жаркын элестерин эскеребиз. Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз.


Биздин жогорку деңгээлдеги диалогубуз жана ортобузда жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашыруу түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн