Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Путин Мирзиёев менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

08.05.2021 15:50
1114
Путин Мирзиёев менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Россиянын президенти Владимир Путин кечээ сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Борбор Азия аймагындагы абалды талкуулашты.


Мирзиёев жана Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу Бишкек жана Душанбе келишимин колдошту. Ошондой эле президенттер абалды мындан ары турукташтырууга колдоо көрсөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.


Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө иргелешкен аракеттерди талкуулашты, деп билдирет Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коронавирус пандемиясына каршы бирдиктүү күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, эки өлкөнүн лидерлери россия вакцинасын Өзбекстандын аймагында өндүрүүнүн келечегин карашты.


Сүйлөшүү учурунда президенттер Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгын майрамдоого байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Биздин чек араны башкалар бизсиз чечеби?
Ира
Ушинтип озубузду озубуз эптей албай ар кимден жардам сурап журсок бизсиз чечмек тургай бизсиз болуп да алышат .