Россия Украина менен келечектеги тынчтык келишими боюнча меморандумду иштеп чыгууга даяр, анда согуштук аракеттерди токтотуу маселелери камтылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин, РИА Новости маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.
Ал өз сөзүндө тийиштүү макулдашуулар ишке ашса, ок атышпоо мүмкүн экенин белгилеген.
“Россия согушту токтотууну жактайт. Тынчтыкка карай эң эффективдүү жолдорду иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, жөнгө салуу принциптери, мүмкүн болгон тынчтык келишиминин мөөнөтү жана башкалар, анын ичинде тийиштүү макулдашууларга жетишилсе, белгилүү бир убакытка ок атууну токтотуу мүмкүн”, - деген.
Путин Трамп менен болгон сүйлөшүүнү маңыздуу, ачык жана абдан пайдалуу деп атап, Америка лидерине Россия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө АКШнын катышуусу үчүн ыраазычылык билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн