Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Путин: “Россия Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт”

28.02.2020 10:38
639
Путин: “Россия Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт”


Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземинде Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөй турганын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүге тыгыз алака өбөлгө болорун кошумчалады.


“Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Биздин өлкөлөр алгачкы ирет мындай өңүттөгү ири долбоорду ишке ашырып жатат”, - деп баса белгилеп өттү Россиянын президенти.


Мындан сырткары Путин сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өткөнүн кабарлады.


«Россия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылы чындыгында эле биздин өлкөлөр үчүн ири иш-чара болуп саналат. Россия менен Кыргызстанды өз нугу менен баардык багытта өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле байланыштырып турат. Биз байма-бай президент Жээнбеков менен жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өттү», - деди Путин.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азат
Эки элдин достугу бекемделине берсин