Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Путин Россиядан 10 миң доллардан ашык акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды

02.03.2022 10:42
909
Путин Россиядан 10 миң доллардан ашык акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды. Мындай жарлык 1-мартта Кремлдин сайтына жарыяланды. 

 

Ага ылайык, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация жараянынан өтүү жетиштүү болчу. 

 

Путиндин жарлыгына ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз-мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн