Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Путин Россиянын калкына дагы бир кайрылуу жасоого камынууда

26.06.2020 14:07
1131
Путин Россиянын калкына дагы бир кайрылуу жасоого камынууда


Кремлге жакын төрт булактан алынды деген РБКнын соңку маалыматына караганда, Россиянын Президенти Владимир Путин Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө добуш берүүгө байланыштуу өлкө калкына жаңы кайрылуу жасашы күтүлүүдө. Кайрылуу 29-июнда жасалышы мүмкүн.


Арийне мамлекет башчысынын жакынкы күндөрдөгү пландары тууралуу РБКнын суроосун президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жоопсуз калтырды. Ал эми “Интерфакстын” ишенимдүү булактары буга чейин кайрылуу 30-июнга белгиленгендигин билдиришкен.


Путин өз кайрылуусунда добуш берүүгө коюлган түзөтүүлөрдүн мааниси канчалык экендигин түшүндүрүүсү мүмкүн.

Өлкөнүн негизги мыйзамына ар жыл сайын эле өзгөртүүлөр киргизиле бербейт, ошондуктан мамлекет башчысынын милдети – плебицит алдында алардын маани-маңызын түшүндүрүү. Сыягы Путин кайрылуу соңунда россиялыктарды жобуш берүүгө катышууга чакырат.


Эске салсак, Путин буга чейин 23-июнда кайрылуу жасап, жакын арада өлкөдө ишке ашыруучу бир катар демилгелер туурасындай айтып берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн