Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 07:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Путин Украинадагы операция качан токтой турганын айтты

01.03.2022 09:24
4037
Путин Украинадагы операция качан токтой турганын айтты

Россия президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салышы мүмкүн деген шарттарды атады. Бул туурасында Кремль маалымдады.


Бүгүн Россия лидери Франция президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшкөн. Франциялык ЖМКлардын жазганына караганда, сүйлөшүү 1,5 саатка созулган.


Франция тараптан Россиянын Донбассты коргоо боюнча аскердик атайын операциясы жаатында белгилүү болгон көз караштар айтылган. Андан сырткары, Киев менен сүйлөшүү аркылуу азыркы чатактын тез арада жөнгө салынышына үмүт артылып жатканын билдиришкен.


Путин мындай жөнгө салуу Россиянын мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынганда - коргонуу, анын ичинен Крым маселеси боюнча россиялык көз карандысыздыкты таануу, Украинаны демилитаризациялоо, денацификациялоо, анын нейтралдуу макамын камсыздоо маселелери чечилгенде гана болорун айткан.


Мунун менен кошо эле Россия тараптын Украина өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө ачык экендиги жана андан күтүлгөн жыйынтык болот деген ойдо экени айтылган.


Путин Россиянын Куралдуу күчтөрү жай жашоочуларга кооптуулук жаратпагандыгын жана граждандык жайларга сокку урбагандыгын баса белгилеген.


Кремлдин маалыматында кооптуулукту украиналык улутчулардын жаратып жаткандыгы, алар калкты тирүү калкан катары пайдаланып, сокку урган, талкалай турган куралдарды атайын эл жашаган кварталдарга орнотуп жаткандыгы кабарланган. Аны менен катар эле Донбасстагы шаарларды аткылап жатканын билдиришкен.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн