Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:23
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Путин Жээнбеков менен жолугушууда: Россия коңшу өлкөлөрдүн ишине кийлигишпейт

28.09.2020 18:18
1153
Путин Жээнбеков менен жолугушууда: Россия коңшу өлкөлөрдүн ишине кийлигишпейт


Россия коңшу өлкөлөрдүн ичинде болуп жаткан иштерге кийлигишпейт. Бул тууралуу Владимир Путин 28-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. 


Анын пикиринде, ал коңшу өлкөлөрдүн бийлигинин туруктуулукка умтулуусун дайыма колдойт.


"Биз сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча жасаган күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Сиздин бул аракетиңиз уланат деп ишенебиз. Биз сизди мамлекет башчысы катары, Кыргызстанды жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз", - деди Путин.


Ал Россия тарап өлкөдөгү, анын ичинде шайлоодон кийинки мезгилдеги туруктуулукка кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн