Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден Швейцарияда жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуу азыркы убакта тар чөйрөдө жүрүп жатат. Жолугушуу Женева шаарында өтүүдө.
Бул жолугушуу Байден үчүн президент катары Путин менен алгачкы жолугушуу болуп саналат.
Эки президент эки тараптуу жана глобалдык маселелерди талкуулай турганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн