Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Путин менен Макрондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашык убакытка созулду

08.02.2022 08:45
784
Путин менен Макрондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашык убакытка созулду

7-февралда Франциянын президенти Эмманюэль Макрон иш сапары менен Россияга келип президент Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.


Маалыматка ылайык, эки лидердин сүйлөшүүсү 5 сааттан ашык убакытка созулду.

Жыйынтыгында эки президент журналисттерге жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.


Орус президенти Владимир Путин сүйлөшүү Украина маселеси боюнча болгонун, НАТО жана АКШ өзүнүн убадасын аткарбай жатканын, Россия эмес НАТО Россия тарапка жылып жатканын, Украина боюнча түзүлгөн "Минск" келишими аткарылбай жаткандыгын, Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенкого башпаанек бере турганын билдирди.


Ал эми Макрон Украина боюнча Европа жана АКШ Россия менен маселени тынчтык жолу менен чечүүгө азыр да мүмкүн экенин, мурдагы келишим эмес жаңы келишим түзүү керектигин ошондой эле жакынкы күндөр чечүүчү мааниге ээ экенин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн